Жаңылыктар
7-апрель жаркын келечекке жол ачкан күн
Саясат
7-апрель жаркын келечекке жол ачкан күн

2010-жылдын 7-апрели Кыргызстандын жашоосун өзгөрткөн күн. Бул күн өлкөнү алдыга, жаркын келечекке, өнүгүүгө үндөгөн, элдин азаттык сезимин, эркиндик духун, саясий эркин даңктаган улуу күн. Тарыхчылардын айтымында, эл авторитардык бийликти, үй-бүлөлүк-кландык башкарууну эч убакта кабыл албай турганын далилдеген. Андыктан, кыргыз элинин эркиндик, демократия жана адилеттүүлүк үчүн күрөш жолундагы эң маанилүү күндөрүн жана бул күрөштө курман болгондордун элесин түбөлүккө сактоо башкы максаттардын бири.