Жаңылыктар
Азык-түлүктүн баасы көзөмөлдө
Экономика
Азык-түлүктүн баасы көзөмөлдө

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына жана айрым райондорго өзгөчө абал киргенден бери Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан азык-түлүктөрдүн баасын туруктуу кармоо чаралары ыкчам жүргүзүлүп жатат. Бааны жогорулатууга байланыштуу 82 эскертүү берилип, 29 материал Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилген. Бирок ошол эле учурда айрым факторлорго байланыштуу кээ бир азыктарга баа бир аз жогорулады.