Жаңылыктар
Өлкөдө ар бир алтынчы үй-бүлө ажырашууга барууда (аудио)
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө ар бир алтынчы үй-бүлө  ажырашууга барууда (аудио)

Алардын көпчүлүгү жаш жубайлар. Соңку эки жылда ажырашуулар 30 пайызга өскөн. Үйлөнгөндөр жана ажырашкандардын саны боюнча Ош облусу быйыл биринчи орунда турат. Облуста 2016-жылдын эсебинен 755 жаран баш кошушса, алардын 80 пайызын жаш жубайлар түзгөн. Ал эми ажырашкандардын саны 6 ай ичинде эле 167ге жеткен. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 10%га өскөн. Өткөн жылы да Ош облусу ажырашуулардын саны боюнча республикада алдыда турган. Талдоочулар көрсөткүчтүн жылдан-жылга өсүшүн облуста кыздардын эрте турмушка чыгуусу менен байланыштырышат. Тагыраагы, турмушка даяр болбогон жаш кыздар зордук-зомбулукка кабылып, ажарышып кетип жатышат. Быйыл Кыргызстанда өткөн жылга салыштырмалуу никеге тургандардын саны азайып, ажырашкандар көбөйгөн. Мамлекеттик каттоо кызматынын эсебинде, жыл башынан бери өлкөдө 11 миң 685 нике катталды, бул өткөн жылга караганда 1,5 миңге аз.  Быйыл 2 миң 130 жубай ажырашкан, былтыркыдан 57 учурга көп. Айрым учурларда ажырашкандыгы тууралуу күбөлүк албай, өздөрүнө көйгөй жаратып жатканын Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү Клара Токтобаева билдирген. 

Талдоочулардын баамында миграциянын агымы да ажырашууларга таасирин тийгизүүдө. Тагыраагы, жаңы эле баш кошуп, жубайлардын бири чет өлкөгө иштеп кеткендерде түшүнбөстүктөр жаралып, үй-бүлөлөрү бузулуп жатат. Эскерте кетсек, 10 жыл ичинде өлкөдө никеге тургандардын саны 40 пайызга жогорулаган. Ошол эле учурда ажырашкан жубайлардын саны соңку эки жылда 30 пайызга өскөн.

Асанбек Пазыл, “Биринчи радио”, Ош