Жаңылыктар
Президенттик стипендия алуучуларга сынак жарыяланды
Билим
Президенттик стипендия алуучуларга сынак жарыяланды

Президентке караштуу билим берүү комиссиясы тарабынан мамлекеттик жогорку окуу жайлардын студенттерине президенттик стипендия алуу үчүн конкурс жарыяланды.

Сынакка мамлекеттик окуу жайларда 3-4-курстарында жакшы окуган студенттер катыша алышат. Аны үчүн талапкерлер буга чейин алган дипломдорун, сертификат, грамоталарын жана башка жетишкендиктерин тастыктай турган документтерин өздөрү окуган окуу жайларынын ректораттарына 5-июнга чейин тапшыруусу керек. Былтыр 200 миңден ашуун адамдын ичинен 46 студент 50 миң сомдон президенттик стипендия алган.