Жаңылыктар
Кара-Көл шаарында окуучуларды аралыктан окутуу үчүн сыналгылар убактылуу берилди
Билим
Кара-Көл шаарында окуучуларды аралыктан окутуу үчүн сыналгылар убактылуу берилди

Окуучуларды аралыктан окутуу үчүн сыналгысы жок үй-бүлөлөргө мектептеги сыналгылар убактылуу берилди. Бул туралуу Кара-Көл шаарынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алымкан Мырзалиева билдирди. Анын айтымында, шаар окуучулары дистанттык окууга даяр.

«Кара-Көл шаарында 8 мектеп бар. Анын 6сы орто, экөө башталгыч мектеп. Дистанттык окутууга даярдыктар көрүлдү. Ар бир окуучунун абалы анализденип, окууга даярдыгы аныкталды.

Ар бир мектеп администрациясы окуучулар менен мугалимдердин кайтарым байланышын уюштуруу үчүн ыңгайлуу, ийкемдүү электрондук жүргүртмө түзүшкөн. Ал эми мугалимдер электрондук жүргүртмөгө ылайык окуучулардын суроолоруна жооп берип, кошумча тапшырма берип, жардам көрсөтүүгө даяр болуп турушат. Мугалимдердин өздөрү да 5 мүнөттүк видео сабактарды даярдашып, директордун орун басарлары, методисттер менен бирге даяр сабактар боюнча тажрыйбаларын бөлүшүп жатышат. Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу-усулдук кабинети ютубдан канал ачып, ал жерде видео сабактардын топтому топтолууда. Жакшы сабактар республикалык сынакка жиберилет», - деди Алымкан Мырзалиева.