Чет өлкөлүктөр Кыргызстандын табиятына суктанып бүтпөй, дүйнөлүк маалымат каражаттары саякаттоо үчүн ыңгайлуу өлкөлөрдүн тизмесинде, биздин мамлекетти сап башына чыгарды.
“Кыргызстан эң кооз өлкө, ал жерди көргөн да, көрбөгөн да арманда”. Мына ушундай керемет ойлор тууралуу “Живая планета” телеканалынын өкүлү Константин Бышевой Кыргызстанга келип кеткенден кийин жар салып чыкты. Эми бул туралуу ал кыска метраждуу фильм тарткысы келгендигин айткан. Орусиялык журналист бул тууралуу ой пикирин Фейсбуктагы баракчасына да жазып чыгарды.
Акыркы жылдары Кыргызстанда эл аралык туристтик форум, жармаңкелер өткөрүлүп, эл аралык каттамдар ачылып,чет өлкөлүктөрдүн кыргыз жергесине кызыгуусу күч алды. Алар Кыргызстандын кооз жаратылышы,туристтик зор мүмкүнчүлүгү жөнүндө дүйнө коомчулугуна кабарлап, бул аймакта альпинизмди, аңчылык туризмди, экологиялык туризмди, тобокелге баш байлаган ар кандай мелдештерди уюштурса болоорун белгилеп жүрүшөт.
Кыргызстан - тогуз жолдун томунда, Улуу жибек жолунун боюнда жайгашып, адам суктанаарлык кооз жаратылышы, асман тиреген тоолору, керемет Ысык-Көлү - туризм тармагынын келечегине негиз болуп берчүдөй. Туризм келечекте өлкө экономикасынын бирден бир кирешелүү тармагына айланышына негиз бар. Бирок, ал үчүн дүйнөлүк стандартка жооп бере турган инфраструктуранын деңгээлин камсыз кылуу зарыл. Бул маселе апта ичинде өкмөттүк жыйында кеп болуп, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, эл аралык уюмдар чыгарган жыйынтыктар - Кыргызстанда туризм багытында аткарылып жаткан натыйжалуу иштердин жемиши эмес, өлкөнүн табигый кооздугунан улам болуп жатканын айтты.
Чындыгында туризм тармагында чечилбей жаткан көйгөйлөр толтура. Пансионаттар эмдигиче паспорттоштурула элек. Мындан сырткары багыт берүүчү белгилердин жоктугу, жолдун начардыгы жана туристтер үчүн убагында жетип келип жардам көрсөтө турган медициналык тейлөөнүн аксап жаткандыгы айтылды.
Серепчилер канча жылдан бери эле Кыргызстанда туризмди өнүктүрүп, андан түшкөн акча менен керек болсо өлкөнү багып коюуга потенциал бар деп айтып келишет. Бирок чындыгында туризмге жай мезгили жакындаганда гана көңүл бурулуп, ага чейин бул тармак уктап жаткандай. Андыктан өкмөт бүгүнкү жыйында ар бир облуста, туризмди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүнү тиешелүү министрликке тапшырды. Ошондой эле өкмөт башчынын баамында туристтик сезонду жыл сайын ачып кайра жабуунун кереги жок. Анткени Кыргызстандын жаратылышы жыл бою токтобой туристтерди кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар.
Ошентип Кыргызстанда туризмдин бардык түрлөрүн өнүктүрүп кеткенге негиз бар. Ысык-Көлдө эс алуу туризми небак калыптанган. Асман тиреген бийик тоолорубузга ашык болгон туристтерге мыкты шарт түзүп, альпинизм тармагын өнүктүрүүнү бир аз катураак сүрөп коюш керек болуп жатат.
Бийик тоолордун арасында жайгашкан Суусамыр, Алай, Аксай, Арпа сыяктуу боз үйлөр тигилген көк шиберлүү жайлоолор, кымыз жыттуу үйүр-үйүр жылкы, асыл тукум кой жайылган жайыттары, айланасы ажайып кооз, балыкка бай тоо көлдөрү туристтерди, эс алуучуларды дайыма өзүнө тартат. Кыргыз жергесинде эки миңден ашуун тоо көлү, ошондой эле жайда салкын, кышта жылуу, тоңбогон Ысык- Көл бар. Ысык-Көл алтын кумдуу пляждары, минералдуу булактар кошулган суусу тунук, тоо-деңиз климаты айкалышкан, дары баткактуу, минералдуу суулары бар эң сонун курорттуу чөлкөм. Ысык_Көл регионунда бүгүнкү күндө 7075 орундуу 121 санаторий жана мыкты эс алуу мекемелери: курорттор, пансионаттар, туристтик базалар иштейт.
Былтыркы жылы өлкөгө четтен 4 миллион жаран кирип чыккан. Бул аркы жылга салыштырмалуу 290 миң адамга көп. Статистика боюнча алардын 10 пайызын туристтер түзүп, салыктан түшкөн каражат 106 млн сомго жеткен. Маданият жана маалымат министрлиги быйылкы сезонду да ийгиликтүү өткөрүү үчүн даярдыктар катуу жүрүп жатат деп убада кылууда.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118