Жаңылыктар
Кыргыз өкмөтү айыл чарба техникаларын лизингке берүүгө каражат тапты
Экономика
Кыргыз өкмөтү айыл чарба техникаларын лизингке берүүгө каражат тапты

Кыргыз өкмөтү айыл чарба техникаларын узак мезгилге лизингке берүүгө каражат тапты. Эгер мурун техниканы сатып алууда өздүк баасынын 30 пайызын төлөө талабы коюлса, азыр ал 10 пайызга төмөңдөдү. Ал эми үстөк пайызы 5 пайызга чейин ылдыйлады.  Дыйкандарга айыл чарба техникалары насыяга он жылдык  мөөнөт менен берилүүдө.  Бирок алардын  баалары элеттик дыйкан үчүн кымбатка туруп жатканын  Ат-Башы районунун дыйканы Эсенбек Омургазиев  белгиледи. Ошондуктаны аны сатып алуу үчүн ири чарбаларды түзүү зарылдыгын  ачыктады. 

Узаган  аптада өткөн “Айыл Агро - 2016” Эл Аралык көргөзмө жарменке учурунда  техникаларды лизингке алуу боюнча дагы бир катар келишимдерге кол коюлду.  Мындай саамалыктарды кыргыз-орус өнүктүрүү фонду да кызыктар экенин фонддун  адистери белгилешет.

К. Калилов, “Биринчи радио”