Жаңылыктар
Нарын: катуу шамалдын кесепеттери калыбына келтирилүүдө
Өзгөчө кырдаал
Нарын: катуу шамалдын кесепеттери калыбына келтирилүүдө

8-апрелде Нарын облусунун аймагында катуу шамал болгон. Ат-Башы районунда шамалдын ылдамдыгы секундасына 23-25 метрге чейин жетип, материалдык чыгымдарга алып келген.

Шамалдын кесепетинен Ат-Башы районундагы Казыбек, Жаңы-Күч, Ак-Талаа, Терек-Суу, Талды-суу, Өзгөрүш, Ак-Моюн, Бирлик айылдарында жалпы 27 турак-үйдүн 227 даана цемент шиферлерин, рейка, стропила жана башка курулуш материалдарын жараксыз абалга келтирген. Учурда башка калктуу конуштардагы турак-үйлөрдүн, социалдык обьектилердин, чарбалык курулуштардын зыянга учураган каражаттары такталып жатат.

Мындан сырткары катуу шамалдын кесепетинен электр энергиясы үзгүлтүккө учураган.

Бул боюнча 10 ыкчам бригада 1,5 сутка иштеп, бардык айылдардын электр энергиясы калыбына келтирилди. Эсептөөлөр боюнча Ат-Башы районунда 312 миң сомдук электр жабдыктары зыянга учураган. Учурда айрым үйлөрдүн электр эсептегичтерин, үзүлгөн чубалгыларын оңдоп-түздөө иштери улантылып жатат. Бул күнү облустун башка аймактарында да авариялык өчүрүүлөр болуп, жалпы 36 бригада нөөмөттө болгон.

Тилекке каршы, зыянга учураган үйлөрдүн 90 пайызы камсыздандырылган эмес. Элди уюштуруунун натыйжасында ашар жолу менен үйлөрдүн чатырлары калыбына келтирилүүдө.