Жаңылыктар
Өлкөгө өзгөчө абал киргизилгенден бери тамак-аш азыктарына болгон баа көзөмөлдө
Экономика
Өлкөгө өзгөчө абал киргизилгенден бери тамак-аш азыктарына болгон баа көзөмөлдө

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги жалпы республиканын соода түйүндөрүндөгү абалга көз салууда. Азык-түлүк рыногундагы абал, бааларды эч себепсиз көтөргөн сатуучуларга көрүлүп жаткан чаралар тууралуу: 


Ордо калаадагы ар бир базардагы азык-түлүккө болгон баа, ушул тапта күн сайын көзөмөлдө. Жума сайын жүргүзүлгөн мониторингге ылайык, сезондук чараларга шылтоолоп, жашылча жемиштерге болгон бааны көтөрүп жиберген алып сатарлар жазасын алууда.


Дал ушундай бааны өзүм билемдик менен көтөрүп жиберген сатуучуларга 13-марттан бери 100 гө чукул эскертүү берилди. Айрымдарына айып салынып, орчундуу делген учурлар боюнча фактылар каржы полициясына өткөрүлүп берилди.


Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигине социалдык маанилүү товарлардын максималдуу бааларын аныктоо боюнча тапшырма берилген. 13-марттан бери агенттиктин бардык облустагы бөлүмдөрү мындай азыктарга сатуу наркын коюп берген. Учурда азык-түлүктүн 10 түрүнүн баасы боюнча максималдуу деңгээлдеги чек белгиленген.