Жаңылыктар
Тобокелдик аймагында иштеген ар бир дарыгер коргонуучу кийимдер менен толук көлөмдө камсыздалат
Ден соолук
Тобокелдик аймагында иштеген ар бир дарыгер коргонуучу кийимдер менен толук көлөмдө камсыздалат

Тобокелдик аймагында иштеген ар бир дарыгер коргонуучу кийимдер менен толук көлөмдө камсыздалат. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов айтты. 

Жыйындын жүрүшүндө Саламаттык сактоо министрлигинин өлкөдөгү эпидемиологиялык абал, жарандарды тестирлөө жана коронавирус инфекциясын аныктоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалыматы угулду. Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ыкчам штабдын тапшырмаларын аткаруунун жүрүшү жөнүндө отчет беришти. Кубатбек Боронов белгилегендей, штабдын бардык тапшырмалары жер-жерлерде сапаттуу жана өз убагында аткарылышы керек. 

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык-санитардык жардам көрсөтүп жаткан медицина кызматкерлеринин айлык акысын каржылоо маселеси коомдо көтөрүлүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети 16 млрд сомду түзөт. Бүгүнкү күнү бюджет 2,9 млрд сомго аткарылган.