Жаңылыктар
Саламаттык сактоо министрлигине «Алтынкен» ишканасынан гуманитардык жүк берилди
Ден соолук
Саламаттык сактоо министрлигине  «Алтынкен» ишканасынан гуманитардык жүк берилди

Саламаттык сактоо министрлигине коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн «Алтынкен» ишканасынан гуманитардык жүк тапшырылды. Гуманитардык жардам иретинде 5000 даана медициналык көз айнек, 25 000 жуп колкап, 10 000 комплект коргонуу кийимдери, 100 даана портативдик термометр, 50 даана тепловизор берилди. Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Кытай Эл Республикасынын элине жана «Алтынкен» жетекчилигине республикада жайылган коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө көрсөткөн баа жеткис жардамы үчүн өкмөттүн атынан ыраазычылык билдирди. Кытай элчиси өз кезегинде кытай тарап коронавирус инфекциясы менен биргелешип күрөшүүдө көмөк жана колдоо көрсөтүп турарын белгиледи.