Жаңылыктар
Республикалык тестирлөөгө даярдануу видеосабактары эфирден кете баштады
Билим
Республикалык тестирлөөгө даярдануу видеосабактары эфирден кете баштады

Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу видеосабактары «Билим жана илим» каналынан эфирге бериле баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Сабактарды «Билимди баалоо жана окутуу усулдары» борбору даярдаган. Видеосабактар дүшөмбүдөн ишембиге чейин бир күндө эки ирет эфирге чыгат. Эртең мененки саат 8:05тен 8-45ке чейин жана 17:55тен 18:40га чейин. Ушул эле сабактар «Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун сайтында да бар. Эскерте кетсек, Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги IV чейректи окутууну 8-апрелден тартып аралыктан жүргүзүп жатат.