Жаңылыктар
Өлкөдө ун жетиштүү, бирок баалар өсүүдө
Экономика
Өлкөдө ун жетиштүү, бирок баалар өсүүдө

Өлкөдө ундан даярдалган азыктарга баа жогорулап барат. Өкмөт буга көзөмөл жүргүзүлүшү керектигин Жогорку Кеңеште биргелешкен комитеттин жыйынында депутат Чыныбай Турсунбеков билдирип, эл өкүлү буга аткезчиликтин күчөп кеткенин себеп катары көрсөттү. Мындай көрүнүштөн карапайым калк менен ун өндүрүчүүлөр жапа чегүүдө,- дейт ал. 

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен маалымдалгандай, өлкөгө өзгөчө абал жарыяланган алгачкы учурларда киргизилген баа менен азыркынын айырмасы бар. Буга байланыштуу бааны жөнгө салуу иштери жүргүзүлүп жатат.

Эске сала кетсек, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги 17-мартта биринчи кезекте ундун баасын бекиткен. Ага ылайык, Бишкек шаарында 1- сорттогу ундун бир килограммы дүңүнөн 28 сомдон, ал эми чекене түрүндө 29 сомдон ашпаш керек болгон. Экинчи сорттогу ундун бир килограммы дүңүнөн 20 сомдон, ал эми чекене түрүндө 22 сомдон ашпаш керек. 50 килограммдык бир кап унду эсептей келгенде 1-сорттогу ун чекене баа менен 1450 сомдон кымбат сатылбашы керектиги көрсөтүлгөн.

Бирок бул Бишкектеги баа, ушундай эле баалардын наркы региондор боюнча дагы белгиленген болчу. 14-апрелде парламенттеги комитеттердин биргелешкен жыйынында Чыныбай Турсунбеков билдиргендей, азыркы күндө абал толугу менен өзгөрдү. Тактап айтканда, айрыкча ундан жасалган азыктарга баа кескин жогорулап кетти.

Бул айтылгандар менен макул болгон Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабиров "бүгүнкү күндө ун азыктарына баага өзгөртүүлөр киргизилди" деген жообуна ынанбаган депутат Чыныбай Турсунбеков орун алган окуяны "аткезчиликке ачылган жол" деп айыптады.

Биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов өкмөтмүмкүн болушунча калкты азы-түлүк менен камсыздоого аракет кылып жатканын белгилеп, унга болгон баа өзгөчө абал жарыяланган чейин иштелип чыккан, орун алган маселе каралат,-деди.

Ал эми депутат Камчыбек Жолдошбаев базарда ун саткан жайлардагы абал тууралуу кеп салды. Эл өкүлүнүн айтуусунда, алып сатуучуларга 5 тоннадан ашык ун алууга тыюу салган чечим кабыл алган. Азыркы тапта айрым жарандардын базардагы ун сактоочу жайларында ири көлөмдөгү ун сакталууда. Бирок кардар жок.

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов айтып өткөндөй, бул боюнча дагы учурунда кабыл алынган чечим артка кайтырылып алынууда. Тиешелүү кызматтардын баш-аламан кабыл алынган чечимдерин депутат Исхак Пирматов сынга алды. Мындан ишкерлер жана карапайым эл жапа чегүүдө.

Эске сала кетсек, мындан мурун Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги азык-түлүктүн 10 түрүнүн баасы боюнча максималдуу деңгээлдеги чегин белгилеген. Анда талдоо өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлүп, анын натыйжасында нан, макарон, өсүмдүк майы жана пахта майы, шекер, жумуртка менен эттин дүң жана чекене баасынын максималдуу деңгээли белгиленген.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"