Жаңылыктар
Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанга 12 млн. 150 миң доллар бөлөт
Экономика
Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанга 12 млн. 150 миң доллар бөлөт

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанга 12 млн. 150 миң доллар бөлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди. Анын айтымында, COVID-19 вирусу менен күрөшүүдө Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасын колдоо үчүн жеңилдетилген каражат берип жатат. 12 млн. 150 миң доллардын жарымы грант, жарымы 38 жылдык мөөнөткө 0,75% менен насыяга алынууда. Министр бул акча коронавируска каршы көрөшүү иштерине, медицина кызматкерлерине жеке коргонуу каражаттарды алууга, транспорттук камсыздоого, санитардык-карантиндик постторду, лабораторияларды жаңылоого жумшаларын билдирди. Жогорку Кеңеш Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан алынчу каражатты ратификациялоо боюнча мыйзамды 15-апрелдеги жыйынында үч окууда кабыл алды.