Жаңылыктар
Ата мекендик ишкерлер бет каптарды жана медициналык эмес респираторлорду экспорттойт
Экономика
Ата мекендик ишкерлер бет каптарды жана медициналык эмес респираторлорду экспорттойт

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынан дары-дармек жана медициналык каражаттарды экспорттоого убактылуу тыюу салуу жөнүндө» 2020-жылдын 3-февралындагы № 57 токтомуна ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерге бет каптарды жана медициналык эмес респираторлорду экспорттоого уруксат берүү бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилди.

Бул өзгөртүүлөр 2020-жылдын 14-апрелиндеги видеоконференция режиминде өткөн COVID-19 пандемиясына байланыштуу Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын жүрүшүндөгү ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин башчыларынын макулдашуулары менен шартталган. 

ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин башчылары биргелешкен билдирүү жасашып, анда товарлардын, анын ичинде социалдык жактан маанилүү өндүрүмдөрдүн, тамак-аш азыктарынын, медициналык жабдуулардын жана дары-дармектердин, медициналык жеке коргонуу каражаттардын эркин кыймылы принциптерин сактоо зарылдыгы белгиленди.

ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин Өкмөттөрүнө COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу жана аны жоюу боюнча координацияланган чараларды ишке ашыруу, пандемиянын кесепеттерин жоюу үчүн экономикалык кызматташтыкты чыңдоо, ички, анын ичинде азык-түлүк рыногунун туруктуу иштөөсүн камсыздоо, мамлекеттердин жарандарын, бизнести  колдоого алуу тапшырылды.