Жаңылыктар
Кадамжай районунда селден кийин жоголгон 3 жашар бала изделүүдө
Кырсык
 Кадамжай районунда селден кийин жоголгон 3 жашар бала изделүүдө

Кадамжай районунда жүргөн селден кийин жоголгон 3 жашар баланы 80 куткаруучу издеп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлагандай, өткөн аптанын жума күнү Кадамжай районунунда нөшөрлүү жаандын кесепетинен ылай аралашкан суу агымы унаа жолду жана турак үйлөрдү басып калган. 

Табигат кырсыгы Ош-Айдаркен каттамындагы унааны агызып кеткен. Алгачкы маалыматтар боюнча, автоунаадагы 6 адамдын бешөө каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери бир баланы куткарууга үлгүрдү.

Жергиликтүү тургундар билдиргендей, унаада дагы бир жүргүнчү болгон. 3 жаштагы баланы ата-энеси балдар бакчасынан алып келатканы айтылууда. Табигат кырсыгынан 15 унаа жабыркады, Ак-Суу дарыясынын үстүнөн өткөн көпүрө бузулду. Арал участогунда сел Байман көпүрөсүнүн тирөөчтөрүнө зыян келтирди. 10дон ашык турак жайды жана 100 бакчаны суу каптады. Ошондой эле, табигат кырсыгынан ички жолдор дагы жабыркады. 

Учурда жарандык комиссия жеринде иш алып барууда. Чукул кырдаалдын кесепетин жоюу үчүн Кадамжай районунун жарандык коргоо мекемесинин болгон күчү менен каражаты тартылды. Каза болгондордун үй-бүлөсүнө Президент Алмазбек Атамбаев 100 миң сомдон бөлдү. Табигат кырсыгынан жабыркаган райондун абалы менен Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков таанышып келди.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118