Жаңылыктар
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 75 миң сомдон берилет
Кыргызстан жаңылыктары
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 75 миң сомдон берилет

Жеңиш майрамына карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 75 миң сомдон берилет. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги каражат келээрки аптадан тартып берилээрин кабарлады. Эпидемиологиялык абалдан улам мурдагы советтик өлкөлөр ардагерлердин урматына уюштурула турган иш-чараларды белгисиз мөөнөткө жылдырууда. 



Мекенди коргоо үчүн согуштун очогунда болгон бир кездеги боз улан бүгүн небере, чөбөрөлөрүнүн чоң атасы. Ар бир майрамда куттуктоолорду кабыл алган соң, майдан талаасында болгон окуяларды айтып берет. Кандуу күндөрдү көргөн аксакал, дайым тынчтыктын баасын билүүгө чакырат.

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 251 ардагери бар. Жеңиш майрамына карата алардын ар бирине 75 миң сомдон бир жолку жөлөк пул берүү тууралуу президенттин жарлыгы чыккан. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги убадаланган каражат келээрки аптадан тартып бериле баштаарын кабарлады.

Пандемия башка салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүнүн убактысын өзгөрткөн сыяктуу эле бир катар өлкөлөрдө жеңиш майрамын белгилөө да жылдырылып жатат. 75 жылдык мааракеге арналган Москвадагы парадга кыргызстандык ардагерлер да чакырылганы кабарланган. Бирок кызыл аянттагы аскердик салтанат быйыл 9-майда өтпөйт. Белгисиз мөөнөткө жылды.