Жаңылыктар
Россиядагы чет элдик жарандарга жеңилдик
Дүйнө
Россиядагы чет элдик жарандарга жеңилдик

Россиянын президенти Владимир Путин коронавирустан улам түзүлгөн кырдаалга байланыштуу, өлкөдө чет элдиктердин жүрүүсү жана эмгектенүүсү боюнча шарттарды жеңилдеткен жарлыкка кол койду. 

Ага ылайык, 15-марттан 15-июнга чейин, чет элдиктердин Россиядагы каттоосу же жумушу боюнча уруксат кагаздарынын мөөнөтү аягына чыгып бара жатса, ар кандай себептерден улам тиешелүү органдар Россиядан депортациялоо чечимин кабыл алган чет элдиктердин өз эрки менен өлкөдөн чыгып кетүү мөөнөтү келсе жана чет элдиктерге Россияда убактылуу жашоого, иштөөгө уруксат берген документтердин, визалардын мөөнөтү бүткөн учурда тиешелүү документтерди талап кылуу токтотулат.