Жаңылыктар
С.Жээнбеков: азыркы кырдаалда эч ким колдоосуз калбайт
Кыргызстан жаңылыктары
С.Жээнбеков: азыркы кырдаалда эч ким колдоосуз калбайт

“Азыркы кырдаалда эч ким колдоосуз калбайт. Кылым кеменгери Чыңгыз Айтматов айткандай, “бүгүн баарыбыз бир кайыктабыз”. Бул тууралуу өлкө башчысы өткөн аптада Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө билдирген. Өзгөчө абал учурунда калктын аярлуу катмарына кам көрүлүп, жарандарды күнүмдүк тамак-аш менен камсыз кылуу маселеси чечиле тургандыгын белгилеген. Бүгүн Президент, Бишкек шаардык мэриясынын аз камсыз болгон үй- бүлөлөргө жардам көрсөтүү боюнча ишмердиги менен таанышты. Өлкө башчы ушундай кырдаалда мамлекет өз жарандарын колдоп алууга дарамети жете тургандыгын белгиледи.