Жаңылыктар
Антонина Шевченко тай бокс боюнча дүйнө чемпиону болду
Спорт
Антонина Шевченко тай бокс боюнча дүйнө чемпиону болду

Антонина Шевченко тай бокс боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул туурасында спорттун аталган түрү боюнча федерациянын президенти Елена Шевченко маалымдады. 

Анын айтымында, таймаш жакында эле Швецияда жыйынтыкталды. Кыргызстандык Антонина Шевченко Перунун клубу менен келишим түзгөн, ошондуктан дүйнөлүк чемпионатта Перунун желеги менен таймашка катышты.

Финалдык беттеште Россиялык Светлана Винникованы жеңип, дүйнөлүк чемпионаттын алтын медалынын төртүнчү жолку ээси болду.