Жаңылыктар
Улуу өнөрдүн жарык жылдызы өчтү
Маданият
Улуу өнөрдүн жарык жылдызы өчтү

Бүгүн кыргыз маданияты орду толгус чоң жоготууга учурады, обончу, манасчы, кыргыз менен казакка бирдей таанымал ак таңдай төкмө, айтыш өнөрүнүн акыркы мезгилдеги залкары, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Элмирбек Иманалиев мезгилсиз дүйнө салды. Ал болгону 42 гана жашта болчу. Элмирбек Иманалиев Ашыралы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Эстебес Турсуналиевдерден улуу өнөрдү мурастап алган, ак таңдайлыкты кайра жандантакан замандын чыгаан төкмөлөрүнөн болчу. Акын жаш тайынан кыргыз менен казакка бирдей таанылып, канатташ элдин орток талантына айлана алды. Иманалиев бир нече эл аралык жана республикалык айтыштардын баш байгесинин жеңүүчүсү. Эл артисти төкмөлүктөн тышкары обончулук, актёрлук, манасчылык өнөрдү да аракалады. Анын калеминен жаралган ырлар, обондор учурдун классикасына айланды. Ак таңдай акын акыркы мезгилде шакирттерди даярдап, устат катары төкмөлүк өнөрдүн көч башында келе жаткан. Ага 2016-жылы Эл артисти наамы ыйгарылган. Акын 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарыкка келген, артында эки кызы, үч уулу калды.