Жаңылыктар
Замандын залкары Элмирбек Иманалиев арабыздан кетти
Маданият
Замандын залкары Элмирбек Иманалиев арабыздан кетти

Бүгүн бүткүл кыргыз "кош дегиси келбей", кабыргасы кайышып турат. Кырчындай 42 жашында заманыбыздын залкары Элмирбек Иманалиев арабыздан кетти. Анын артында сыздаган уч кыл комузу, адамдын сай сөөгүнө жеткирген саптары, аталаган алты баласы, тоодой эли томсоруп калды.