Жаңылыктар
Муктаждарга жардам уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Муктаждарга жардам уланууда

Бишкек мэриясы менен райондук штабдар муктаж болгондорго жардам берүүнү улантууда. Свердлов районунда 13 миң 857 үй-бүлө, Биричи май районунда 12 миң 667 үй-бүлө, Октябрь районунда 8 миң 135 үй-бүлө, Ленин районунда 13 миң 211 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлгөн. Ошондой эле шаардын тегерегиндеги Ала-Арча, ТЭЦ-2, Жер Ынтымагы, Селекция, Ак Ордо-2, Ак Ордо-3, Ак Жар жана Адилет конуштарынын тургундары жардам алды. Мэриядан билдиришкендей, азык-түлүк алууга мэриядан тышкары кайрымдуулук фонддору, ишкерлер жана жөн гана боорукер жарандар көмөк көрсөтүүдө.