Жаңылыктар
Кадамжайдагы селдин чыгым 75 миллион сомдун тегерегин чапчыды
Өзгөчө кырдаал
Кадамжайдагы селдин чыгым 75 миллион сомдун тегерегин чапчыды

Кадамжай районунда болгон селдин чыгымы 75 миллион сомдун тегерегин чапчыды. Адистер 238 турак үйдү текшерип, алардын 84үн суу каптаган деген тыянак чыгарды. 4 үй авариялык абалга кептелсе, үчөө капиталдык оңдоп түзөөгө муктаж, жети үйдү коопсуз аймакка көчүрүү зарыл, 45 турак адистердин көзөмөлүнө алынат. 

Мындан сырткары 95 участокту суу каптаган. Табигат кырсыгы 25 чакырымга жакын ички жолду жууп кеткен, 12 көпүрө жана канал бузулган, электр жеткирүүчү чубалгылар кулаган. 21 автоунаа жабыркаган.

Жеринде кырсыктын кесепеттерин жоюу жүрүп жатат. Эске салсак, селден 5 адам каза болду. Жоголгон баланы издөө иштери уланып жатат.