Кыргыз билим берүү академиясы, “Green Light” компаниясы жана Кыргыз информатик мугалимдеринин ассоциациясы мугалимдер үчүн “Дистантык билим берүү технологияларынын заманбап аянтчалары” темасында ири масштабдагы онлайн семинарларды өткөрүүнү пландаштырууда. Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Семинарда адистер онлайн программа деген эмне, сабактарды даярдоо жана өткөрүү үчүн аларды кантип колдонуу керектигин оңой жана жеткиликтүү формада түшүндүрүп беришет.
Алгачкы семинар 25-апрель күнү саат 11:00дө башталат. Анда аралыктан билим берүү технологияларынын заманбап аянтчалары жөнүндө сөз болот.
Катталуу үчүн шилтеме: https://forms.gle/yhzsfnaP6NtrT9A49
Уюштуруучулар онлайн семинарга туташуу үчүн шилтемени электрондук почтаңызга жөнөтөт. Туташуу боюнча жаралган суроолор үчүн байланыш номери - 0550 998628.