Жаңылыктар
"Төкмө келсе төр бошот” долбоору аркылуу көптөгөн таланттар тапталып чыкты
Маданият
"Төкмө келсе төр бошот” долбоору аркылуу көптөгөн таланттар тапталып чыкты

Башка кабарлардан. Кыргыз Республикасынын эл артисти Элмирбек Иманалиевдин артында мыкты чыгармалары, мукамдуу ырлары калды. Азыр таланттуу акын, ак таңдай төкмөнүн кең казынасы экинчи өмүрүн сүрө баштады. Нагыз таланттын катышуусундагы айтыштар, анын элине сунган концерттери, ырлары КТРКнын архивинде сакталуу, кыргыз радиосунун алтын фондусуна жазылган. 



Сөз кадырлаган, сөз баккан кыргыз аш, тойлордо, чоң мааракелерде төкмө акындарын кадырлап, акындар ортосундагы айтыштарда айтылган учкул сөздөрдү эсине түйүп, руханий азык алган эл. Ошондуктан кыргыз эли ар дайым төкмөсүн төрдө кадырлаган. Төкмө менен комуздун орду төрдө деген түшүнүк калыптанган. КТРКдагы “Төкмө келсе төр бошот” теледолбоорунун аталышы да ушул маанини туюндуруп турат.

Элмирбек Иманалиев маданияттын ордосу болгон филармониянын, концерт, айтыштардын гана төрүндө эмес, КТРКдагы “Төкмө келсе төр бошот” теледолбоорунун такай төрүндө болуп, манасчылык, төкмөчүлүк, дастанчылык дегеле чыгармачылыкка ынтаа койгон таланттуу жаштарды таптады. 


"Маданият. Тарых. Тил" каналынын продюсери Назира Аалы кызы “Төкмө келсе төр бошот” теледолбоору эфирге чыга турган болуп калганда аны алып баруу Элмирбек Иманалиевге сунушталып, долбоорду кубануу менен кубаттаганын айтат. 2016-жылдан бери төкмө акындын алып баруусунда КТРКда обого чыгып келе жаткан теледолбоор аз убакыттын ичинде көрөрмандардын купулуна толуп, жогорку рейтингдеги берүүгө жеткен.

Эл артисти Элмирбек Иманалиевдин артында мыкты чыгармалары, мукамдуу ырлары калды. Азыр таланттуу акын, ак таңдай төкмөнүн кең казынасы экинчи өмүрүн сүрө баштады. Өнөр кенчине бай талант элине не бир мыкты чыгармаларын, жогорку чеберчиликте аткарган дастандарын, анын катышуусунда тасмага түшкөн айтыштарды таберик катары таштап кетти. Эл сүймөнчүлүгүнө айланган Элмирбек акындын катышуусундагы айтыштар, элине сунган жеке концерттери, ырлары КТРКнын архивинде сакталуу, кыргыз радиосунун алтын фондусуна жазылган.

Өнөр сересиндеги эң асыл сапаттардын бири устатчылык. Устатынан үйрөнгөнүн элге жайылтуу менен өнөр ээсинин таланты кийинки муунга жетип, даңазаланат. Канатташ казак менен кыргызга таандык улуу өнөргө эгедер болгон Элмирбек Иманалиев асыл өнөрдүн ээси катары көптөгөн жаш акындардын өнөр устаты болду. Өмүрүнүн акыркы жылдары ал мыкты шакирттерди таптады. Алардын алды учурда төбөсү көрүнүп калды.

Булбул аркылуу жан дүйнөсүндө болуп жаткан аруу жана таза сезимди, даңазалаган “Булбулум” чыгармасы Элмирбек Иманалиевдин алгачкы обондорунун бири. Жүрөккө жете турган бул чыгарманы учурда башка улуттун ырчылары да аткарып жүрөт. Элмирбек Иманалиевдин көөдөнүнөн жаралган ырлар, обондору көпчүлүк өнөрпоздордун жүрөгүнөн түнөк тапкан.