Жаңылыктар
Депутаттар баш тарткан кызматтык унааларды эми ким айдайт?
Кыргызстан жаңылыктары
Депутаттар баш тарткан кызматтык унааларды эми ким айдайт?

Жогорку Кеңеш депутаттары колдонуп келген 25 унаа бир катар мамлекеттик мекемелерге бөлүнүп берилди. Бирок чынында эле парламент депутаттары кызматтык унааларда жүрбөй калдыбы дегенге кызыккандар арбын. 

Эскерте кетсек, депутаттарга берилчү артыкчылыктардын ичинен кызматтык унаа жана айдоочусу алынып салынган эле. 

Улуттук гвардияга берилген Жогорку Кеңештин депутаттарынын унаасы эми чет элдик конокторду ташууга колдонулат. Белекке берилген унаа эски болгону менен мындагыларга салыштырмалуу бир топ эле жаңыдай көрүнөт. Улуттук гвардия унаа менен болгону 30 пайыз камсыздалган.



-Акыйкатчы институту - 4 жеңил унаа
-“Алтын-Көл” пансионаты - 1 жеңил унаа
-ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгы - 1 жеңил унаа
-“Эркин-Тоо” гезити - 1 жеңил унаа
-“Манас-Ордо” комплекси - 1 жеңил унаа
-Мамлекеттик тарых музейи - 1 жеңил унаа
-Аксакалдар кеңеши - 1 жеңил унаа
-Эсеп палатасы - 1 жеңил унаа
-Улуттук гвардия - 1 жеңил унаа
-Г. Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейи - 1 жеңил унаа
-Мамлекеттик экотехинспекция - 2 жеңил унаа
-“Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси - 1 жеңил унаа
-Нарын облустук музейи - 1 жеңил унаа
-“Кыргыз Туусу” гезити - 1 жеңил унаа
-А. Осмонов атындагы улуттук китепкана - 1 жеңил унаа
-Жаш көрүүчүлөр театры - 1 жеңил унаа
-Бишкек шаардык мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйү - 1 жеңил унаа
-“Пирамида” телеканалы - 1 жеңил унаа
-ЭлТР телеканалы - 1 жеңил унаа
-Военно-Антоновкадагы балдар үйү - 1 кичи автобус
-Оштогу ымыркайлар үйү - 1 кичи автобус
Жалпысынан Жогорку Кеңешке караштуу 25 унаа берилген. Унааларды бөлүштүргөн комиссия - быйылкы Тарых жана маданият жылын да эске алган. Ошондуктан унаалар бир гана мамлекеттик органдарга эмес, тарыхый-маданий жана социалдык мекемелерге да берилди. 

 Учурда Жогорку Кеңештин карамагында 59 гана унаа калды. Анын 11ри меймандар үчүн. Калгандары парламенттин иш башкармалыгына, аппаратка, төрага жана анын эки орун басары, депутат Дастан Бекешовго жана 6 фракцияга берилген.

Буга чейин бир унаа үчүн 10,5 миң сом бензинге, 2 миң сом ремонтко, 7 миң сом айдоочуга делип, болжол менен 20 миң сом айына чыгымдалып турган. Жылына эсептегенде ал 240 миң сомго айланат. Эми бул сумманы 120 депутаттын санына көбөйтүп көрсөңүздөр... 



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118