Жаңылыктар
Европаны таңданткан кыргыз маданияты
Маданият
Европаны таңданткан кыргыз маданияты

Бул күндөрү Европада “Жибек Жолдун Ак конушу” аталышындагы ири маданий долбоор өтүп жатат. Көчмөндөрдүн маңыздуу маданиятын даңазалаган иш чара алгач Швейцариянын Берн шаарында башталды. Анда кыргыз айымдарынын колунан жаралган азем кийимдер көрсөтүлүп, улуттук табиттеги музыка тартууланды. 

Европанын 5 өлкөсүн камтый турган иш-чара алгач Швейцариянын Берн шаарында башталды. Кыргызстандан барган жоон топ даярдыктарды дагы бир жолу бекемдеп алууга да үлгүрдү. “Ордо сахна” обонун созсо, башка бөлмөдө кыргыз айымдарынын азем кийимдеринин топтомун сахнага чыгарууга даярдыктар көрүлүп жатты.

Иш-чаранын өзөгү көчмөн аялзатынын азем кийими гана болбостон, анын маңызы - түшүндүрүп берүүдө болду. Кыргыз энесинин оронгон элечегин, көчмөн жашоодо белин бекем кармаган белдемчисин көргөн Европалыктар кыргыз жашоосуна кызык артышты.

“Жибек жолдун ак конушу” долбоорунун өзгөчөлүгү кыргыздын баардык маданий мурасын камтыганында. Көчмөндөрдүн кийими, кол өнөрчүлүгү жана уккан музыкасы... ушунун баары долбоордун алкагында көрсөтүлдү.

Бул долбоор 7-июнга чейин улантылат. Анын алкагында кыргыз маданияты даңазалаган иш-чара Франция, Голландия, Нидерландыга чейин жетип, Австрия менен аякташат. 



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118