Жаңылыктар
Муфтият: жарандар битир-садаканы уюлдук операторлор аркылуу төгө алышат
Дин
Муфтият: жарандар битир-садаканы уюлдук операторлор аркылуу төгө алышат

Өлкөдө эпидемиологиялык абалдан улам жарандар битир-садаканы үйдө отуруп эле уюлдук операторлор аркылуу төгө алышат. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады. Буга чейин зекетти муфтияттын РСК банктагы эсебине банктын банкоматтары, терминалдары жана RSK24 мобилдик банкинги аркылуу берсе болору айтылган.