Жаңылыктар
Акын, журналист Зайырбек Ажыматов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты
Кыргызстан жаңылыктары
Акын, журналист Зайырбек Ажыматов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Акын, журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматов 29-апрелде 44 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган. «Жалгыздык» (1996-жыл), «Мелмил» (2005-жыл), «Нөлү көп жылдар» (2011-жыл) жана «Жүрөктөгү бороон» (2019-жыл) ыр жыйнактарынын автору.

Журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы «Асаба» гезитинен баштап, «Кыргыз Туусу», «Бишкек таймс» гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында, «Жаңы Агым» гезитинде иштеген. Учурда "Азаттыкта" иштеп жаткан эле.