Жаңылыктар
Борбор калаада жол кыймылына чектөө киргизилет
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаада жол кыймылына чектөө киргизилет

Көз карандысыз мамлекеттер шериктешине кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги отурумуна байланыштуу 6-7-июнь күндөрү ордо калаада унаа кыймылына чектөө киргизилет. 

Ички иштер министрлигинин кайгуул милиция башкармалыгынын маалыматы боюнча, бул күндөрү «Манас» аэропортунан баштап, Махатма Ганди, Жибек Жолу көчөсү, Манас проспектиси Ала-Арча резиденциясына чейин, Чүй проспектисинин Абдрахманов көчөсүнө чейинки аралыгында мезгил мезгили менен автоунаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилип турат. 

Кайгуул милиция башкармалыгы жолдогу ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана аргасыздан көрүлгөн мындай чарага түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.