Жаңылыктар
Улуттук поэзия акын уулун жоготту
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук поэзия акын уулун жоготту

Улуттук поэзия, кыргыз маданияты жана журналистикасы оор жоготууга учурады. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, акын, журналист Зайырбек Ажыматов мезгилсиз дүйнө салды. Ал бир айдан кийин 44 гана жашка чыкмак. Зайырбек Ажыматов улуттук поэзияда өз орду бар, атуулдук ырлардын устасы болчу. Анын, “Жалгыздык", "Мелмил", "Нөлү көп жылдар", "Жүрөктөгү бороон" ыр жыйнактары окурмандардын сүйүп окуган китебине айланган. Ырлары патриоттук духка сугарылып, ар бир кыргыздын атуулдук аң-сезимин ойготчу. Акын, чыгармачылыктан тышкары журналистика тармагында да талыкпай эмгектенип, маданий жаңылыктар анын калеми менен жазылчу. Адабият, маданият тармагындагы олуттуу окуялар Ажыматовдун радиоуктурууларында жана радиобаяндарында жаңырчу. Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1993-жылы айылдык орто мектепти, 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин "Журналистика" факультетин аяктаган. Журналисттик кесипти аркалоодо улуттук тун басмабыз "Кыргыз Туусу" баштаган, “Асаба”, "Бишкек таймс" гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында үзүрлүү эмгектенген. Акыркы алты жыл аралыгында "Азаттык" үналгысында маданият, адабият тармагын жазган кабарчы катары иштеп жаткан.