Жаңылыктар
Кайыргүл Сартбаева 80 жашта
Маданият
Кайыргүл  Сартбаева 80 жашта

Улуттук консерваторияда СССРдин эл артисти, кыргыздын сыймыктуу опера ырчысы Кайыргүл Сартбаеванын 80 жылдыгы белгиленди. Ал 80 жашын жана 60 жылдык чыгармачылык кечесин замандаштары, алыстан келген меймандар, чыгармачылыктагы достору жана талантын баалаган эл менен бирге өткөрдү.

Кайыргүл Сартбаева сахнада жалпысынан 50гө жакын образды жараткан. Репертуарында Чайковский, Даргомыжский, Глинка, Римский-КОрсаков, Рахмановдун, европалык классиктерден Бах, Гуно, Моцарт, Бетховен, Григ, Шуман, Шуберттин романстары бар. 

Ал эми кыргыз операсында “Манас”, “Курманбек”, “Айчүрөк”, “Ажал ордуна”, “Ак Мөөр”, “Саманчынын жолу” жана башка операларда негизги каармандардын образын ойдогудай жараткан. Кайыргүл Сартбаева көптөгөн шакирттерди даярдап, кыргыз музыкасын өнүктүрүү үчүн талыкпай эмгек кылып келет.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118