Улуттук поэзия, кыргыз маданияты жана журналистикасы оор жоготууга учурады. Кечээ, 29-апрелде маданиятка эмгек сиңирген ишмер, акын, журналист Зайырбек Ажыматов мезгилсиз дүйнө салды. Акын бир гана ыр дүйнөсү менен чектелбестен журналисттик кесипти аркалап, өлкөдөгү маданий жаңылыктарды да чагылдырган.