Жаңылыктар
Ош шаарында ишкерчилик жанданды
Экономика
Ош шаарында ишкерчилик жанданды

Өзгөчө абал кирген Ош шаарында 1-майдан тартып, 7 чөйрөнүн иштөөсүнө уруксат берилди. Ошол эле маалда, быйыл жергиликтүү бюджетке 150 млн сомго жакын салыктын түшпөй калуусу күтүлүүдө. Иши жанданган тармактар кандай эреже, тартиптерди сактоосу зарыл?

 

1-майдан тартып, кезек-кезеги менен ишке түшчү тармактын алгачкы бөлүгүнө Оштогу 7 чөйрө кирди. Аларга коюлган талаптар менен Ош шаардык мэриясынын алдында түзүлгөн мобилдүү-комиссиялык топ иш алып барат. Жаңы эрежеге ылайык, мындан ары санитардык талапты аткарбаган кызматкердин өзүнө эмес, жетекчисине чара көрүлөт.

Вирустун дүйнө экономикасына тийгизген залакасынан Ош шаары да четте эмес. Быйыл жергиликтүү казынага 150 млн. сомдой каражат түшпөй калышы мүмкүн. Буга байланыштуу антикризисттик программа менен бюджетти сарамжалдуу пайдалануу чарасы иштелип чыкты.

Курулуш чөйрөсүндө жергиликтүү бюджеттин эсебинен калк муктаждыгын чечүүгө багытталган долбоорлор да бар. Жыл соңуна чейин пайдаланууга берилчү объектилердин ичинде, калкты ичүүчү таза суу, мектеп, бала-бакча жана саркындуу суу куурларын жаңылоо иштери бар.