Жаңылыктар
Лейлекте сел жүрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Лейлекте сел жүрдү

POST#RIGHTБаткен облусуна караштуу Лейлек районунун аймагында 2-май күнү кечке жуук жааган нөшөрлүү жамгырдан улам Кара- Булак, Тогуз-Булак айыл аймактарында жана Исфана шаарында сел жүрдү. Эртең менен шаардын Чыгыш көчөсүнүн боюндагы турак үйлөрдүн короолорун, жер төлөлөрдү суу каптагандыгы кабарланды. Маалыматка караганда учурда кырсыктын чыгымдары эсептелип жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы министрдин орун басары Равшан Рысбаев жетектеген ыкчам топ Лейлек районунда, жеринде иш алып барып жатканын кабарлады.