Баткен облусунун Лейлек районунда болгон табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу иши уланууда. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, селдин кесепетинен кийинки зыян 69 миллион сомду түздү.
Эске салсак, 2-май күнү Лейлек районунун бир топ аймактарында мөндүр аралаш катуу жамгыр жаап, сел жүрүп, ал социалдык мекемелерди, бир нече турак жайларды жана эгин талааларын каптаган.