Жаңылыктар
Конституциялык укук - мыйзамдын кепилдиги
Саясат
Конституциялык укук - мыйзамдын кепилдиги

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-майда Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын төрагасы Карыбек Дүйшеевди кабыл алды. Мамлекет башчы аны жана бардык кыргызстандыктарды эртеңки майрамы менен куттуктады. Сооронбай Жээнбеков Конституциялык палатанын мамлекеттин туруктуулугун камсыздоодогу өзгөчө ордун белгиледи. Президент Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын конституциялык укуктары менен эркиндигин коргоо, конституциялык көзөмөл жүргүзүү боюнча мындан аркы иштерге ийгиликтерди каалады. 

Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеев палатанын алдында турган негизги пландар менен жакын арадагы милдеттери, анын ичинде санариптештирүү жана материалдык-техникалык камсыздоону өркүндөтүү иштери боюнча айтып берди. Мамлекет башчысына өзгөчө абал шартында Конституциялык палатанын судьялары менен аппараты аралыктан онлайн иштеп жатканын айтты. Эгемендүү Кыргызстандын баш мыйзамы 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган. Өлкөнүн жаңы тарыхында зор саясий мааниси бар бул күн Кыргызстанда майрам катары белгиленет.