Жаңылыктар
Кыргызстан - Өзбекстан: өлкө башчылар телефон аркылуу сүйлөштү
Саясат
Кыргызстан - Өзбекстан: өлкө башчылар телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан президентине алардын Сардоба суу сактагычындагы дамбасы жарылып, бир топ аймакты суу каптаганына байланыштуу моралдык жактан колдоп, дем берген сөздөрүн айтты. 

Ошондой эле президенттер коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча мындан ары биргелешкен чараларды жүргүзөлү деп пикир алмашты. Мамлекет башчылары татаал мезгилде эки өлкө ортосундагы достук жана ак ниет коңшулук мамилелерден улам Кыргызстан менен Өзбекстандын бир тууган эли ар дайым бири-бирине колдоо көрсөтүп келишкендигин өзгөчө белгилешти.