Жаңылыктар
Лейлек районунда табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу иши уланууда
Өзгөчө кырдаал
Лейлек районунда табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу иши уланууда

Баткен облусунун Лейлек районунда болгон табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу иши уланууда. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, селдин кесепетинен кийинки зыян 69 миллион сомду түздү. Эске салсак, 2-май күнү Лейлек районунун бир топ аймактарында мөндүр аралаш катуу жамгыр жаап, сел жүрүп, ал социалдык мекемелерди, бир нече турак жайларды жана эгин талааларын каптаган. 



Мөндүр аралаш катуу жааган жамгыр селге айланып, андан Лейлек районунун Исфана шаары жана үч айыл өкмөтү жабыркаган. Исфанада 10 үйдү жана жер төлөсүн, 16 үйдүн там аркаларын сел каптаган. Бир бала бакчанын жер төлөсүнө 2 куб метр суу толгон. Азыркы учурда райондо табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат. Тиешелүү техника тартылган. Биринчи кезекте жабыркаган турак жайларды калыбына келтирүү зарыл болуп турат.


Мындан сырткары селден Исфана-Андарак-Көкташ, Самат-Замборуч-Жаркыштак жана Ош-Баткен-Исфана жолдорунун айрым жерлери бузулуп, кум-ташка толуп калган. Эгин талааларын суу каптады. Буга байланыштуу аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланды. Аймактагы абал менен вице-премьер-министр Акрам Мадумаров таанышып, кырсыктан жабыркаган жарандарга көмөк көрсөтүү иштери башталды. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, селдин кесепетинен келтирилген чыгымдын көлөмү 69 млн сомду түздү. Вице-премьер-министрдин айтымында, турак жайлардын мыйзамсыз, туура эмес жерлерге курулуп калганы көйгөй жаратууда.