Жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында көп жылдан бери токтоп турган ун заводу ишин жандантты
Кыргызстан жаңылыктары
 Жалал-Абад шаарында көп жылдан бери токтоп турган ун заводу ишин жандантты

Данды кайра иштеткен ата мекендик ишкана эми элди ун менен камсыз кылат. Жалал-Абад шаарында көп жылдан бери токтоп турган ун заводу ишин жандантты. Ишканага Россия Федерациясынан бүгүн 15 вагон буудай келди. Ташылып келген дан тартылып, элге чыгарылат. 


Россия Федерациясынан ташылып келген 15 вагон буудайдын көлөмү 1 миң тоннадан ашат. Данды сатып алууда килосу жеринен 16-17 сомго айланган. Ташылып келген буудайдын курамында белоктун көрсөткүчү жогору.

Кубаттуулугу суткасына 100 тоннадан ашуун буудайды кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүгү бар бул ишкана, 4-5 жылдан бери токтоп турган. Ун завод 15-апрелден ишин баштады. Жардам иретинде алгач Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун 1 миң тонна буудайын тартып берген.

Ири заводдун иштеп баштаганы облус үчүн зор мааниге ээ. Элди ун менен камсыз кылат. Базарда баанын туруктуу сакталышына шарт түзөт. Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунун аймагында ун тартыштыгы боюнча эч кандай маселе жок. Эң жогорку сортогу бир мүшөк ун 1 миң 700 сомдон сатылууда. Баа тиешелүү кызматтар тарабынан тыкыр көзөмөлдө турат.