Жаңылыктар
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Конституция күнү
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Конституция күнү

Конституция - Кыргызстандын эң негизги мыйзамы. 5-Майда - Кыргызстанда ушул баш мыйзамдын майрам күнү белгиленет. 1993-жылдын 5-майында эгемендүү Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин он экинчи сессиясында Кыргыз Республикасынын конституциясы кабыл алынган. Дал ушул күндөн тарта мурдагы союздук республикалардын курамында болуп келген Кыргыз ССРинин 1978-жылы кабыл алынган конституциясы күчүн жоготуп, жаңы доору башталган. 

Эгемен өлкө мурдагыдай Кыргызстан Республикасы эмес - Кыргыз Республикасы деп расмий атала баштаган. Ошол конституция кабыл алынган күндөн тарта ушул күнгө чейинки 27 жыл аралыгында Кыргыз Республикасынын баш мыйзамы бир канча ирет өзгөртүлдү. 

Алсак, өлкөнүн конституциясына - 2003 жылы февралда, 2006-жылы ноябрь жана декабрь айларында, 2007-жылы октябрда жана 2010-жылы июнда жалпы элидк добуш берүү жолу менен өзгөргөн. Азыр биз жашап жаткан Конституция ошол 2010-жылы өткөн референдумдун негизинде кабыл алынган.