Жаңылыктар
Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга насыя түрүңдө 50 миллион доллар берет
Экономика
Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга насыя түрүңдө 50 миллион доллар берет

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга насыя жана грант түрүндө 50 миллион доллар бөлүп берүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу банк жарыялаган маалыматта айтылат. 

Акча кыргыз өкмөтүнө коронавирустун элдин ден соолугуна кам көрүү аракетине, социалдык жана экономикалык маселелерди чечүүсүнө жардам иретинде берилип жатканы маалымдалды. 

Банктын «Активдүү көңүл буруу жана чыгымдарды колдоо» программасынын алкагында бул каражат пандемиянын жайылышын ооздуктоо, социалдык жактан муктаждарды коргоо, чакан жана орто бизнеске, өндүрүшкө жардам берүү боюнча чукул чараларды колдоого жумшалышы керек болот. 

Кыргызстан эл аралык каржы уюмдарынан жалпысынан 456 млн доллар күтүп жатканы мурдараак кабарланган.