Жаңылыктар
Ош облусунда согуш ардагерлерге акчалай сыйлыктар тапшырылды
Аймак
Ош облусунда согуш ардагерлерге акчалай сыйлыктар тапшырылды

Ош облусунда согуш ардагерлерине Жеңиштин 75 жылдыгына карата акчалай сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдирди. Маалыматта айтылгандай, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин үйлөрүнө барып, өкмөттүн резервдик фондунан майрамга карата ар бир согуш ардагерине 10 миң сомдон бөлүп, азык-түлүк баштыктарын жана белектерди берди. 

Ош облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун 23 ардагери жана ооруктун 710 ардагери жашайт. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагери президенттин атынан 75 миң сомдон жана ооруктун ардагерлери 15 миң сомдон алышкан.