Жаңылыктар
Жеңиш эстафетасы Ош шаарына келди
Аймак
Жеңиш эстафетасы Ош шаарына келди

Жеңиш эстафетасы Ош шаарына келди. Кабыл алуу салтанаты - Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облустук башкармалыгынын базасында өттү. Учурдагы жагдайга байланыштуу эскерүү иш-чарасына тийиштүү тараптын саналуу гана коноктору күбө болду. Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган эл аралык акция 5-фералда эки багыт боюнча старт алган. КМШ өлкөлөрүнүн тышкы чек араларын бойлоп өткөн Жеңиш эстафетасы майдын 2синен 7сине чейин Бишкек жана Ош шаарларында өтүп жатат. Андан кийин, символ “Бордөбө-автожол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Тажикстан Республикасынын чек арачыларына салтанаттуу өткөрүлүп берилет. Эл аралык акциянын максаты: КМШ өлкөлөр ортосундагы ынтымак, достукту бекемдөө, ал мамлекеттерде өсүп келе жаткан жаш муундун патриоттук- мекенчилдик сезимин ойготуу. Иш-чара 28-майда Москва шаарында “Белгисиз жоокердин күмбөзү” мемориалдык комплексинде жыйынтыкталат.