Жаңылыктар
Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн өкүлүнө эскертүү берилди
Саясат
Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн өкүлүнө эскертүү берилди

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык ыкчам штабдын сунушунун негизинде Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиевге чечимди макулдашпастан кабыл алганы үчүн эскертүү берди. Белгилей кетсек, буга чейин Ысык-Көл облусунун ыкчам штабынын чечими менен облуска кирүүгө тыюу салынган. Ал эми кирүү учурунда жарандардан коронавирус инфекциясынын бар-жогун аныктоо боюнча тесттен өткөндүгү жөнүндө маалым кат талап кылышкан.

Бул чечимдер Республикалык ыкчам штабдын сунуштамаларына жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген иш-аракеттердин алгоритмине дал келбейт.

Тийиштүү алгоритмде каралган учурларды эске албаганда, жарандардан облуска, шаарга, районго жана башка калктуу конуштарга киргенде COVID-19 жок экендиги тууралуу маалымдама талап кылуу туура эмес.