Бүгүн Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин чейрек кылымдык юбилейине арналган кереге кеңеш өтүүдө.
Иш чарага гезитти негиздеген башкы редакторлор, анда иштеген кызматкерлер, акын, жазуучулар, журналисттер жана коомдук ишмерлер катышууда.
“Эркин-Тоо” гезити мамлекеттик расмий гезит катары өзүнүн туура багытындагы ишин жүргүзүп келет.
Гезиттин сайтынан акыркы жаңылыктар, күндүн негизги темалары, ар кыл маалыматтар менен таанышууга болот.
К. Калилов, “Биринчи радио”