Жаңылыктар
Президент Жогорку Евразиялык кеңештин отурумуна катышат
Экономика
 Президент Жогорку Евразиялык кеңештин отурумуна катышат

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бир күндүк иш сапары менен Астанага барды. Президент Жогорку Евразиялык кеңештин отурумуна катышат. ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчылары интеграцияны тереңдетүүнүн келечеги, анын ичинде газ, мунай жана мунай азыктары боюнча маселелерди талкуулайт. 

Ошондой эле, чет өлкөлөр жана аймактык интеграциялык бирикмелер менен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү тууралуу пикир алышат. 

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Евразиялык союздун мындан аркы ишмердиги боюнча бир катар документтерди кабыл алуу көздөлгөн. Жыйын тууралуу кененирээк кабарчыбыз Самат Асиповдон маалымат алсак, Самат саламатсызбы, биз сизди угуп жатабыз.....