Жаңылыктар
Мамлекеттик саясаттын багыты - аймактарды өнүктүрүү
Экономика
Мамлекеттик саясаттын багыты - аймактарды өнүктүрүү

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду жыл башынан бери 22 млн АКШ долларына 178 долбоорго колдоо көрсөттү. Айыл банк тарабынан 4 миллиард сомго 16 миңден ашуун насыя берилди. Ал эми “РСК Банктан” үч миңге жакын кардар 2,7 миллиард сом насыя алышты. Бүгүн Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү каржы мекемелеринин жетекчилерин кабыл алды. Анда, өлкө башчысы бүгүнкүдөй кырдаалда ишканалар реалдуу, сезилерлик жардам алышы керек экендигин айтты. Айрыкча айыл чарбасында экспортко багытталган өндүрүштөрдү ачуу үчүн аларга максималдуу колдоо көрсөтүүгө басым жасалып, алыскы аймактарда жаңы жумуш орундарын түзүүгө колдоо көрсөтүүнүн маанилүү экендигин президент баса белгиледи.