Жаңылыктар
Селден эгин талаасы жабыркады
Кырсык

5-майда жааган жамгырдын кесепетинен Жалал-Абад облусунун бир катар аймагында сел жүрүп, турак жайлардын короосу менен эгин талааларды каптады. Ноокен районунда 20 гектардан ашуун дыйканчылык аянтты суу басты. Базар-Коргон районундагы дагы жергиликтүү жашоочулардын короолоруна сел кирген. Түзүлгөн кырдаалдан улам жергиликтүү бийлик менен жарандык коргонуу кызматы күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда. Келтирилген чыгымды аныктоо иштери уланууда.